Балыкчы – Корумду жолунун курулушуна бюджеттен дагы 790 млн сом бөлүнөт
Поделиться в:
Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу маалымат угулуп жатканда белгилүү болгонун Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.
Ошондой эле, каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев азырынча капиталдык салымдар боюнча иш баштала электигин билдирди.
Ал эми депутат Зиядин Жамалдинов туристтик мезгил башталып калганын эске салып, жолдун курулушун каржылоо чараларын тездетип, туристтерге жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/content1511
Добавить комментарий ×