Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу талкууланды
Поделиться в:
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 14-майда Кытай Эл Республикасына жумушчу сапарынын алкагында кытайлык жол жана көпүрө куруу мамкорпорация башкармасынын төрагасы Лу Шан менен жолугушту.Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Жолугушууда "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолун, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорлор, андан тышкары Бишкектеги автожолдорду жаңылоо маселелери талкууланды.
Президент курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.
Ссылка: https://barometr.kg/content1507
Добавить комментарий ×