Кытай кызматташуунун жаңы моделин түзүүгө чакырды

15 мая 2017 11:28 538 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Азия менен Европада террорчулукка каршы күрөшүүдөн тарта каржы саясатына чейинки түрдүү тармактар боюнча тыгыз кызматташуунун жаңы моделин түзүүгө чакырды. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Ал мындай билдирүүсүн 14-майда, «Бир алкак — бир жол» форумунун алкагында сүйлөп жатып билдирди. Улуу Жибек жолун жандандырууга багытталган ал иш-чарага 29 өлкөнүн лидери чогулган.

 

Кытай темир жолдор, порттор жана индустриалдык парктар аркылуу Пекинди Африка жана Европа менен байланыштырууга багытталган бул демилгеге 124 миллиард доллар бөлүүнү убада кылды.

 

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган катышкан жыйында сүйлөп жатып Си Цзинпин бул долбоордун максаты Кытайдын дүйнөдөгү таасирин күчөтүү эместигине ишендирди.

 

Эки күндүк форумга катышкандар арасында Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш, Эл аралык валюта корунун башчысы Кристин Лагард жана Дүйнөлүк банктын президенти Жим Ен Ким да бар.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1504



Добавить комментарий