Астанада Назарбаевдин сүрөтү чапталган үй түрттүрүлдү

15 мая 2017 13:22 769 Barometr
Поделиться в:
ok

Астанада үйүнүн дубалына өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин сүрөттөрүн чаптап алган Несипкүл Уябаеванын тамы түрттүрүлдү. Маалыматтарга караганда, жергиликтүү бийлик үйдүн жашоочуларын көчүп кетүүгө көндүргөн. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Астана акимчилигинин алдындагы «Шаардык кыймылсыз мүлк» ишканасынын жетекчиси Александр Строчков билдиргендей, сот тарабынан аныкталган компенсация төлөнүп берилгенче, үйдүн тургундары жатаканада жашап турушат.

 

Несипкүл Уябаева акимчиликтин бул чечимин мыйзамсыз деп эсептей турганын, бирок бийликке каршы туруудан чарчаганын билдирди.

 

Астана бийлиги шаарды кеңейтүү иштеринин алкагында өткөн жылдан бери соттун чечими менен Уябаевдердин үйүн бузууга аракет кылып келген. Бирок үй ээлери төлөнүп берилчү компенсация көлөмүн аз деп эсептеп, көчүп кетүүгө макул болбой келишкен.

 

21-апрелде «ЭКСПО» эл аралык көргөзмөсүнө даярдык көрүү маселелери талкууланып, анда Нурсултан Назарбаев Астанада эски үйлөрдүн бар экенин жана алар шаардын көркүн бузуп жатканын айтып ачууланган.

 

 

  

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1502



Добавить комментарий