Бишкекте курулуш таштандыларын таштагандарга эскертүү берилди

15 мая 2017 09:05 732 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору калаанын санитардык абалын текшерип, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык нормаларды бузгандары аныктоо иштерин жүргүзүп келет.

Кезектеги текшерүүдө Поваринская көчөсү  №8 үйүнүн жашоочулары тарабынан курулуш таштандылары белгиленбеген жерге ташталгандыгы аныкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жыйынтыгында СЭИ кызматкерлери тарабынан аталган даректин ээлерине курулуш  таштандыларын, ошондой эле кургак тиричилик калдыктарын  белгиленбеген жерге таштоого жол бербөө эскертүүсү берилди. Эскертүүдөн кийин бузуулар четтетилди.

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы - Данияр Сулайманов. Телефон: 65 81 59.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1500



Добавить комментарий