Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды
Поделиться в:
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Осмонкул көчөсүнүн Огонбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жабуу иштери 2017-2018-жылдарга карата жылуулук берүү мезгилине обьектилерди даярдоо иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө. Оӊдоо иштерин «Кыргыз Каганат» ЖЧК бөдрөтчү компаниясы өткөрөт жана үстүбүздөгү жылдын 4-июнуна чейин бүткөрүү пландалууда.
Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын суранат.
Ссылка: https://barometr.kg/content1498
Добавить комментарий ×