Өнөр жай комитетинин кызматкерлери жер көчкүдөн жабыр тарткандарга 123 миң сом которду

15 мая 2017 10:00 472 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү комитетинин кызматкерлери Ош областынын Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жана Өзгөр районунун Аю айылындагы жер көчкүдөн жабыр тарткандардын эсебине  акча которушту. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Аталган ведомствонун ар бир кызматкери жабырлануучуларга көмөк катары өздөрүнүн эки күндүк айлыктарын которушкан.   

"Жыйынтыгында ӨКМнын атайын эсебине Чоң-Алай району үчүн-61 650 миң сом, Аю айылы үчүн-61 663 миң сом которушкан”,- деп айтылат маалыматта.   

Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунун жаратылыш кырсыгынан жабыркаган жарандары үчүн атайын эсеп ачылган. 

 

Көмөктү төмөнкү реквизиттер аркылуу берсе болот, Өзгөр районундагы жер көчкүдөн жабыркагандарга:  

Өздүк эсеп: 4407012100009282

 

Ош райондук казына бөлүмү (РОК) 701

 

Төлөм түрү: 2100

 

ИНН 00103200110150

 

Жер титирөөдөн жабыр тарткан Чон-Алай районунун тургундарына юридикалык жактар жана жеке адамдар, каалоочулар төмөнкү реквизиттер аркылуу эсепке акчалай каражаттарды которушса болот:

 

Өздүк эсеп: 4407012100009383

 

Ош райондук казына бөлүмү (РОК) 701

 

Төлөм түрү: 2100

 

ИНН 00103200110150

 Суроолор боюнча төмөнкү байланыш телефондорго кайрылсаңыздар болот: ӨКМдин Каржы, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгы, Сарбашева Динара Саймудиновна.Тел.: 0770950002, иш телефону (0312) 54 79 01.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1497



Добавить комментарий