Ошто аттракцион кулап төрт киши жабыр тартты

15 мая 2017 11:32 529 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык түйүндөрдө парктагы аттракцион кандайча сынып түшкөнү тууралуу видео жарыяланды. Видеодо жабырланган адамдар көмөк сурап жатканы тартылган. 

Укук коргоо органдары берген маалыматка таянсак, аттракцион Ош шаарындагы парктардын биринде кулаган. Кырсыктын кесепетинен төрт киши ооруканага жаткырылды, алардын биринин абалы оор болгондуктан реанимация бөлүмүндө болууда.

 Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. 

Ссылка: https://barometr.kg/content1496



Добавить комментарий