Айсулуу Тыныбекова алтын медаль менен кайтты. Чемпионду кандай тосуп алышты?

15 май 2017 11:00 958 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эл аралык «Манас» аэропортунда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин өкүлдөрү  Азия – 2017 чемпиону  Айсулуу Тыныбекованы жана  КРнын эркин күрөш боюнча курама командасынын спортчуларын тосуп алышты.   

 Кыргызстандын улуттук курамасынын аялдар күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдиргендей, Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында жеңишке жетти.

 “Биз Азия чемпионатына дыкаттык менен даярдандык жана психологиялык жактан даяр болчубуз. Биздин аттаандаштар белгилүү эле. Мен атаандашымдын мүмкүнчүлүктөрүн билчүмүн жана күчүмдү күн мурдатан топтодум”,-деп билдирди Тыныбекова.

Ошондой эле Азия чечмпиону Кыргызстандагы баардык анын демөөрчүлөрүнө ыраазчылык билдирди.

 

Эскерте кетсек, 13-майда Тыныбеков Индияда өткөн Азия чемпионаты-2017 оюндарында 58 кг салмакка чейинки балбандар арасында алтын медалды жеңип алган.

 

Спортчуларды Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинн караштуу Олимпиадалык спорттун түрлөрү дирекциясынын жетекчилиги жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.

Ссылка: https://barometr.kg/content1494



Добавить комментарий