Москва районунда Садовое айылында 2 жаштагы кызды автоунаа тебеледи
Поделиться в:
Болуп өткөн кырсык тууралуу Чүй областынын ЖККУБнын маалымат кызматынан тастыкташты.
Ведомствонун маалыматы боюнча, кырсык 20-майда болгон. Айылдын 1971-жылы туулган тургуну С.Ш. «Форд Транзит» маркасындагы автоунааны башкарып бара жатып, артка айдоого аракет кылып, баланы тебелеп алган. 2016-жылы туулган жабырлануучу кыз оор абалда райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан бала каза тапкан.
Бул иш боюнча иликтөө жүргүзүлүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content14744
Добавить комментарий ×