Кыргызстанда мурда баңги барондор болсо, эми бажы барондор бар

22 мая 2018 16:16 692 Barometr
Поделиться в:
ok

«Эгерде мурда Кыргызстанда баңги барондору, андан кийин энергобарондору болсо, эми бажы барондору бар”, - бул тууралу бугун, 22 майда,  экономикалык жана фискалдык саясат боюнча парламенттин комитеттин отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров айтты.

Анын айтымында, Кыргызстан аткезчилик үчүн бейиш болуп калган. Парламентчи мурда аткезчилик менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк бере турган бардык мыйзамдарды (биринчи кезекте бажы кызматында) жокко чыгаруу керек деп ишенет.

“Эки жуманын ичинде мыйзамдарга зарыл болгон оңдоолорду киргизүү зарыл. Биз 25 жыл транзиттик өлкө болдук. Бажычылар байыгандыктан, өлкө жакыр болуп калды. Өндүрүшчүлөр өлкөдөн кетип жатышат, өндүргөнгө караганда аткезчилик менен алектенүү жеңил болуп калды. Армения үч күндүн ичинде аткезчиликти жок кылган оюн эрежелерин өзгөртүп, керектүү мыйзамдарды киргизе алды”,- деди Акылбек Жапаров.

Ссылка: https://barometr.kg/content14741



Добавить комментарий