Кыргызстандык Казакстанда триатлон боюнча Дүйнөлүк кубокто алтын алды
Поделиться в:
Кыргызстандык Эдуард Кубатов Астана шаарында (Казакстан) 19-20-майда өткөн Казакстандын World Cup Astana 2018 триатлон боюнча Кубогунун экинчи этабында жана Дүйнөлүк кубоктун баскычында алтын жеңип алды.
КР Триатлон Федерациясы билдиргендей, Эдуард Кубатов Age Group (сүйүүчүлөр) категориясындагы 45-49 жаштагы курактык топтогу спортчулардын арасында катышкан.
Ал 2 саат 10 мүнөт жыйынтык көрсөтүү менен жарышты ийгиликтүү аяктады жана өзүнүн курактык тобунда 1-орун, ошондой эле «Абсолют» категориясында 4-орунду жеңип алды.
Ссылка: https://barometr.kg/content14740
Добавить комментарий ×