Бажыканадагы конфискацияланган товарлар кайда кетип жаткандыгын сурашты

22 май 2018 15:46 353 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Депутат Пархат Тулендыбаев экономикалык жана фискалдык саясат боюнча парламенттик комитеттин отурумунда Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынан бажыканада товарларды конфискациялоо кандай жүрө тургандыгын сурады.

Алмаз Онолбеков административдик жана кылмыш укук бузуулары жөнүндө иштер боюнча алынган транспорт жана товарлар убактылуу сактоочу кампаларга жайгаштырыла тургандыгын айтты. Эгерде сөз административдик иштер тууралуу болсо, анда товарды же ээсине кайтарып же сатышат жана акчаны бюджетке которушат.  

«Сатылгандан кийин акчалар бажыкананын атайы эсептерине келип түшөт. Кылмыш иштери боюнча товарлар жана транспорт сот аткаруучуларына өткөрүлүп берилет, алар аны сатышат”, - деп түшүндүрдү Алмаз Онолбеков.

Ссылка: https://barometr.kg/content14739



Добавить комментарий