Пакистанда аптаптуу ысыктан 65 адам көз жумду

22 мая 2018 17:15 247 Barometr
Поделиться в:
ok
Пакистандын түштүгүндөгү Карачи шаарында аптаптуу ысык аба-ырайынын кесепетинен акыркы үч күндө 65 адам көз жумду. Бул тууралуу “rg.ru” сайты маалымдайт.
Жергиликтүү маалымат камсыздандыруу уюмунун маалыматы боюнча, дүйшөнбү күнү термометрдин  жебеси 44 градус ысыктыкты көрсөткөн. Синоптиктердин болжоосу боюнча, алдынкы күндөрү аба ырайынын болжоосу боюнча, алдынкы күндөрү аба ырайынын температурасы бир калптуу болуп калды, ошондуктан абал андан ары кыйындашы мүмкүн деген кабар тарады.
Эскерте кетсек, бул аптаптуу ысык аба Рамазан айы менен дал келди. Кайтыш болгондордун көбү і – Карачидеги социалдык абалы начар аймактардын тургундары.
Азырынча өкмөт эч кандай маалымат билдирген жок, бирок Пакистандын калкы 2015-жылкы окуянын кайталанышы мүмкүн экенин болжошууда. Ушундан үч жыл мурун аптаптуу ысык аба-ырайынын кесепетинен 1300 адам көз жумган.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14738



Добавить комментарий