Түндүк-Курилде иштеген кыргызстандыктардын айлыгы кечигүүдө
КР ТИМдегилер түндүк-куриль компаниясында иштеген кыргызстандыктарга эмне үчүн айлык акы берилбей жаткандыгы тууралуу маалымат беришти.
Тышкы саясий ведомствонун маалыматтары боюнча Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин канцеляриясынын кызматкерлери Северо-Курильск шаарынын вице-мэри Александр Овсянников менен байланышка чыгышкан.
«Анын маалыматтары боюнча, кыргызстандыктар 19-майда ишке чыгуудан баш тартышкан жана жумуш берүүчү алар менен толугу менен эсептешмейинче иш таштоону уланта бере тургандыгын билдиришкен. Карама-каршылыкты муниципалитеттин администрациясынын, депутаттар, полиция, прокуратуранын катышуусунда чечүүгө аракеттенишкен, бирок маселе ушул кезге чейин чечилген эмес. “СПИРО” ЖЧКсы түндүк-куриль курулуш компаниясынын жетекчилиги жумушчуларга айлык акыны өз учурунда төлөп бере албай калган кырдаал Куриль программасынын объектилерине тапшырык берүүчү тарабынан каражаттын кечигүүсүнө байланыштуу», – деп айтылат билдирүүдө.
КРнын РФдагы элчилигинин консулдук канцеляриясынын маалыматы боюнча түзүлгөн кырдаалды чечүү максатында, Северо-Курильск шаарынын мэриясында бардык кызыкдар болгон органдардын катышуусу менен ушул маселе боюнча жыйын өткөн.
КРнын РФдагы элчилигинин консулдук канцеляриясы маселени көзөмөлдө кармоону уланта бермекчи.
Эске салсак, компания жумушчуларга жалпысынан 633 миң рубль карыз болуп калган.
Ссылка: https://barometr.kg/content14734
Добавить комментарий ×