Кыргызстанда АИВ/ЖИКСтин жаңы учурлары көбөйүп жатат

22 мая 2018 14:18 356 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн 22-майда, Бишкекте СПИД оорусунан көз жумгандарды Бүткүл дүйнөлүк эскерүү күнүнө арналган иш-чара өттү.

Бириккен улуттар уюмунун АИВ/ЖИКС (Адамдын иммундук жетишсиздик вирусу/Жуктурулган иммункем синдрому)  боюнча программасынын өкүлдөрү биздин Борбор Азиядагы жалгыз аймакта АИВ-жуктуруп алгандардын жаңы учурларынын саны көбөйүп жана өлүм көрсөткүчү дагы жогорулап жаткандыгын кабарлашты.

«Биздин аймакта АИВ менен өмүр сүргөн 1,6 млн адам жашайт, жаңы учурлар 190 миң жана өлүм көрсөткүчү 40%. 45%ы өзүнүн статусу тууралуу билишет жана дарыланып жатышат, баалоочу көрсөткүчтөр боюнча 28%ы гана дарыланууда, бул абдан кичине көрсөткүч”,-деп билдиришти БУУ өкүлдөрү.

Өкүлдөрдүн айтымында адамдар басынтуу-кодулоодон улам өзүнүн ден соолукка болгон укуктарынан пайдалана албай жатышат.

«Адамдар баруудан, текшерилүүдөн жана дарылануудан коркпошу үчүн бул чочулоону түп-тамырынан бери жок кылуу биздин бардыгыбыздан – мугалимдер, дарыгерлер жана башкалардан көз каранды. Биз өзгөчө: мигранттарга, секс-кызматчыларга жана баңгиден көз каранды болгондорго тестирлөөдөн өтүүгө жана андан кийин дарыланууга мүмкүнчүлүк берүүнү камсыздашыбыз керек”,-деп билдиришти алар.

Ссылка: https://barometr.kg/content14732



Добавить комментарий