Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялоо сунушталууда

22 мая 2018 10:46 484 Barometr
Поделиться в:
ok

Бириккен улуттар уюмунун  Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялоону Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сунуштап жатат. Мыйзам долбоорун ведомство коомдук талкууга алып чыкты.

Кыргызстан Майыптардын укуктары жөнүндөгү конвенцияга 2011-жылдын 21-сентябрында кошулган.

 

«Бүгүнкү күндө майыптыгы бар адамдардын саны өсүп жатат. 2011-жылы Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын (ДМЧА) саны 142,4 миңди түзсө, 2018-жылдын 1-январына карата 181,4 миңге чейин көбөйгөн”, - деп айтылат негиздеме-маалымкатта.

 

Документте ДМЧА укуктарын камсыздоо тармагында мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, жарандык коомдун биргелешкен аракеттеринин жардамы менен оң өзгөрүүлөр белгиленген. Ошол эле учурда майыптыгы бар адамдар коомдун жашоосуна катышууда тоскоолдуктар менен бет келишүүдө.

 

«Мыйзамды ишке ашыруу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу боюнча финансылык камсыздоо булактары – республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары, кайрымдуулук взностору, донордук каражаттар, гранттар, демөөрчүлүк жардам жана Кыргызстандын мыйзамында тыюу салынбаган башка булактар” – деп айтылат маалымкатта.

 

Эске салсак, 2017-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөткө БУУнун майыптардын укуктары жөнүндөгү конвенциясын ратификациялоо процессин баштоону тапшыруу менен токтом кабыл алышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content14719



Добавить комментарий