Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу эки үйдөн өрт чыкты
Бишкек шаарындагы жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу эки үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, биринчи өрт Токомбаев жана Кутчубаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдөн болжол менен саат 21:43төр чамасында чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн 5 бөлүм тартылып, 11-кабаттан чыккан өрт саат 22:44тө чектөөгө алынган. Түнкү саат 23:48де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен 200 чарчы метр жыгач опалубкалар күйгөн.
Экинчи өрт 21-майдан 22-майга караган түнү саат 03:00дөр чамасында 12-кичирайондогу курулуп жаткан көп кабаттуу курулуштан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат өрт өчүрүүчүлөргө келип түшкөн. Өрт өчүрүүчү 2 бригада тартылып, тилсиз жоо толук өчүрүлгөн.
Учурда эки имаратта тең өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.
Ссылка: https://barometr.kg/content14717
Добавить комментарий ×