Бишкекте жерди трансформациялоо талабы менен митинг өттү

22 мая 2018 09:14 458 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөт үйүнүн алдына чогулган элүүдөй киши Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы айдоо жерлерди турак-жай салыш үчүн трансформациялап берүүнү талап кылышты. «Трансформация» коомдук бирикмесинин жетекчиси Бекназар Айталиев Жогорку Кеңеш бул маселени өткөн жылдын аягында кароого тийиш болсо да, эмгиче каралбай келе жатканын билдирди. Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен өлкөдө айдоо аянттарына турак жай салууга уруксат берүүгө мораторий киргизилген. Буга Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарлардын чет-жакаларындагы райондордун айдоо жерлери турак-жай салыш үчүн мыйзамсыз берилип кеткени себеп болгону айтылган. Башкы прокуратура былтыр жер мыйзамдарын бузууга байланыштуу 87 кылмыш ишин козгоп, жалпы аянты 629 гектар 156 жер тилкеси мамлекетке кайтарылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content14713



Добавить комментарий