Парашюттан секирген эки адам асмандан сүзүшүп каза болушту

22 мая 2018 09:00 543 Barometr
Поделиться в:
ok
Татарстанда парашют менен секирген эки адам асманда бири-бирине сүзүлүп каза болушту. Бул окуяны Россиянын тергөө комитети аныктап жатат. Бул тууралуу “лайф.ру” сайты маалымдайт.
19-майда күндүз Мензелин аймагында жети спортчу 4 миңден 1,6 миңге чейинки бийиктиктен секиришкен. Парашюттар ачылган убакта бир спортчу экинчисине келип сүзүшкөн.
Экөө тең эсинен танып калышкан, алардын парашюттары бири-бирине жабышкан бойдон жерге түшүшкөн. Бирөө тез жардам унаасында, экинчиси ооруканада көз жумган.
Аэроклуб кызматкерлеринин айтуусу боюнча, каза болгондордун экөөсү тең аз дегенде 600 жолу парашют менен секиришкен.
"Окуянын кандайча болгонун аныктоо үчүн керектүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Текшерүү натыйжасы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат", — деп жазылган маалыматта.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14699



Добавить комментарий