Кулматов саясатка байланыштуу кызматтан кеткенин айтты

21 мая 2018 19:47 545 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 21-майда Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов УКМКга сурак берип чыккандан кийин журналисттерге ал кызматтан кетишин саясий иштерге байланыштуу кеткенин айтты.

“Мени бийликтен кет деп эчким айткан жок. Бирок, бийлик мага саясий шарт койду. Мен ага бара албайм деп, иштен баш тартып кеттим. Бирок, кандай шарт экенин айта албайм”,- деди Кулматов.

“Ошондой эле өзүңүздөр көрдүңүздөр Бажыга4 айда кандай каражаттар түштү. Азыр Бажы кызматында система түзүлдү. Эгер жаңы жетекчилер биз жасаган реформаны улантып кетсе, анда анын натыйжасы жакшы болот”,- деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Кулматов “коррупция” беренеси менен айып тагылган. УКМКнын маалыматы боюнча, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп туруп, “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында кытайлык ТВЕА компаниясы тарабынан жаңы эки мектеп куруу максатында берилген гранттык каражаттарды КР Өкмөтүнүн карамагынан Бишкек шаардык мэриясынын карамагына Калыс Ордо жаңы конушунда мектеп куруу маселеси орчундуу деген жүйө менен чыгарып кетип, мыйзамсыз колдонгон.

Кулматов “Альто Групп” ЖЧК жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, кытайлык компаниядан 1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө каражатты түздөн-түз ошол жеке компаниянын эсебине которууга жетишкен. Мындан сырткары Калыс Ордодогу мектепти аягына чыгаруу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн. сомдон ашык акча бөлүнүп берилген.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кеп болуп жаткан курулуш компаниянын жетекчилеринин бири УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кулматовдун Бишкек шаарынын кызматтык адамдарынын жана аларга тиешеси бар жеке компаниянын жетекчисинин жашаган жеринде санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлүп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14697



Добавить комментарий