Баткенде 7 киши чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылды

21 мая 2018 18:54 248 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен облусунда жыл башынан бери башка паспорт менен чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган 7 жаран кармалды. Бул тууралуу адам сатууга каршы аракет боюнча өткөрүлгөн жыйында айтылды.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул айына салыштырмалуу 2 эсеге өскөн. Эреже бузгандардын көпчүлүгү документтерин жоготуп алган жарандар болгон.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14695



Добавить комментарий