Атасы кызын унаада унутуп кеткен, кыз көз жумду

21 мая 2018 22:00 2607 Barometr
Поделиться в:
ok
Италияда Пиза шаарынын жанындагы Сан-Пьеро-а-Градода эркек киши 1 жаштагы кызын унаада унутуп кеткен. Анын кесепетинен кыз унаанын унаанын ичинде көз жумган. Бул тууралуу “Pisa Today” басылмасы билдирет.
Маалыматта кабарлангандай, 40 жаштагы адам 1 жаштагы кызын балабакчага алып барыш керек эле. Унаанын арткы отургучунда отурган кыз уктап калган, атасы аны унутуп, жумушка кетип калган.
Мундан кийин апасы кызын алуп кетүү үчүн балабакчага келген. Бирок кызы ал жерде жок болуп чыккан. Окуя ордуна куткаруучулар менен дарыгерлер чакырылганы менен наристени куткаруу мүмкүн болгон эмес.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14693



Добавить комментарий