Кулматов: "Мени суракка алып жатышканын түшүнө албадым!"
Бүгүн, 21-майда Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов УКМКга 4 саатка жакын сурак берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал өзүнө тагылып жаткан айып боюнча көрсөтмө берип чыкканын билдирди.
Анын айтымына караганда, ал өзүнө тагылган айып менен макул эмес.
“Мени “Калыс-Ордодогу мектепти мыйзамсыз курган”деп айыптап жатышат. УКМУга 5-6 жолу келдим. Мени эмнеге чакырып, сурак алып жатышканына эч түшүнө албадым. ТВЕА 2 миллион долларды өзү пайдаланган. Биз бирда тыйын көргөн эмеспиз. Ал эми мектепке суу, свет жана канализация киргизүүгө мэрия 100 миллион сом бөлгөн. Сынаксыз лицензия берүү менин ишим эмес”,- дейт Кулматов.
Эскерте кетсек, Кубанычбек Кулматов “коррупция” беренеси менен айып тагылган. УКМКнын маалыматы боюнча, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп туруп, “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында кытайлык ТВЕА компаниясы тарабынан жаңы эки мектеп куруу максатында берилген гранттык каражаттарды КР Өкмөтүнүн карамагынан Бишкек шаардык мэриясынын карамагына Калыс Ордо жаңы конушунда мектеп куруу маселеси орчундуу деген жүйө менен чыгарып кетип, мыйзамсыз колдонгон.
Кулматов “Альто Групп” ЖЧК жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, кытайлык компаниядан 1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө каражатты түздөн-түз ошол жеке компаниянын эсебине которууга жетишкен. Мындан сырткары Калыс Ордодогу мектепти аягына чыгаруу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн. сомдон ашык акча бөлүнүп берилген.
Учурда кылмыш ишинин алкагында кеп болуп жаткан курулуш компаниянын жетекчилеринин бири УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кулматовдун Бишкек шаарынын кызматтык адамдарынын жана аларга тиешеси бар жеке компаниянын жетекчисинин жашаган жеринде санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлүп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content14688
Добавить комментарий ×