14 жаштагы өспүрүм энеси менен таенесин балталап өлтүрдү

21 мая 2018 12:55 1743 Barometr
Поделиться в:
ok

14 жаштагы бала энеси менен таенесин өлтүрүп, сөөктөрүн жер төлөгө ыргыткан. Бул үрөй учурган окуя тууралуу "Спутник-Беларусь" булагы жазды.

16-майда Белорусиянын Тверская областынын Сажино кыштагындагы үйдүн жер төлөсүнөн полициялар 1934-жылы жана 1964-жылы туулган аялдардын зомбулук менен өлтүрүлгөн сөөгүн табышкан.

Кылмышка шектүү делип каза тапкан аял эки жашынан тартып асырап алган 14 жаштагы өсүпүрүм кармалды. Ал 6-май күнү эртең менен таенесин балта менен бир нече жолу башка чаап өлтүрүп, андан соң бычак алып моюнга жана көкүрөгүнө бир нече ирет сайгылаган. Карыган аял каза тапкандан кийин анын сөөгүн жер төлөгө сүйрөп таштаган. Кечинде багып алган апасы жумуштан келгенден кийин өспүрүм атайын аялга атайын барып бир нече ирет моюнга, курсакка, көкүрөккө бычак уруп өлтүргөн. Андан соң анан сөөгүн дагы жер төлөгө сүйрөп барып таштаган.

14 жаштагы балага эки адамдын өлүмү үчүн кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Ал кылган күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.    

        

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14675



Добавить комментарий