21-май: күн ысыйт, абанын температурасы +27 градус
Поделиться в:
21-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26,
Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,
Баткен аймагында түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,
Нарын дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22,
Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20 градус болот.
21-майда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 24…26 градуска чейин көтөрүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content14656
Добавить комментарий ×