Космосто эң чоң жардыруу болду

21 мая 2018 17:23 576 Barometr
Поделиться в:
ok
Күндүн тегерегиндеги ааламга байкоо жүргүзгөн “Stereo Ahead” спутниктери жардыруу болгон маалды тартып алышкан. Бул тууралуу “segodnya.ua” сайты маалымдайт.
Окумуштуулар башында кайсы бир планета жарылып кетти деп ойлошкон. Бирок планетанын жарылып кетүүсү мүмкүн эмес жагдай. Соккунун толкуну күн системасына тараган.
Жакында бул толкун күндүн өзүнө жана биздин планетага чейин жетет. Сокку толкуну онунчу күн Жер бетине карай жылып келе жатат. Окумуштуулар толкундун таасири жер бетиндеги элдин сезиши же сезбеши тууралуу так айта алышпайт.
Жарылуудан кийин спутниктердин камералары жакшы иштебей калган. Бул кандай жарылыш болушу мүмкүн?
Интернет колдонуучулары башка планетадагылардын кемеси жарылып кеткен болушу мүмкүн деп болжошту. Бул болжомду эч ким чындык катары кабыл алышкан жок.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14655



Добавить комментарий