Шекер экен деп баңгизатты 6 жаштагы кыз жеп алган

21 мая 2018 10:14 730 Barometr
Поделиться в:
ok
АКШнын Филадельфия штатында 6 жаштагы окуучу кыз кокаинди сырты менен жеп коё жаздаган. Ал баңгизатты кылассташынын сумкасынан таап алган. Бул тууралуу “лайф.ру” сайты маалымдайт.
Маалыматка ылайык, кыз баңгизатты шекер менен чаташтырып алган. Ал баңгизат салынган пакетти оозуна салып, чайнап таштаган.
Бирок бактыга жараша, кыз анын сырткы пакетин тешип жетишкен эмес. Анын оозундагыны көргөн мугалим окуучуну дароо дарыгерге алып барган.
Белгилүү болгондой 6 жашар кыз менен сумкасынан баңгизат табылган классташы буга чейин баңгизат татып көрүшкөн эмес.
Эми полиция баңгизатын окуучунун сумкасына кандай пайда болгонун аныктап жатат.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14647



Добавить комментарий