Жаш жигит башка планетадагыларга окшошуу үчүн түрүн өзгөрттү (фото)

21 мая 2018 09:02 693 Barometr
Поделиться в:
ok
Аргентинада жашаган Льюис Падрон жомоктордогу башка планетанын каарманына окшошуу үчүн болжол менен 60 миң доллар жумшаган. Бул тууралуу “Mirror” басылмасы билдирет.
26 жаштагы Падрон эльфтерге окшогусу келип жүзүнө операция жасаткан.
“Алар бөтөн планетадагы укмуштуудай адамдар. Бою узун, өңү бозоргон жана чачы күмүш түстө. Ошондой эле, көздөрү өтө чоң», – дейт жаш жигит.
Жаш жигиттин жомок каармандарына окшошуу үчүн мурдуна  эки, көзүнүн түсүн өзгөтүү үчүн 6 операция жасаткан. Ошондой эле, кулагынын да формасын өгөткөн.
Жакында ал Түштүк Кореяда болуп, ал жерде жаак сөөгүн япониялык аниме кармандардыкындай жасаткан. Ал үчүн дарыгерлер жигиттин жаак сөөгүн 6 жеринен сындырган.
Эми Льюис Падрон тамагын алдырып, тиштерин учтатып, көзүнүн кыйыгын өзгөртүү үчүн операция жасатат. Ошону менен катар, дагы да мурдунун формасын өзгөртүп, бет терисин тартыруу үчүн операция жасатууну пландап жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content14645



Добавить комментарий