Окумуштуулар: Жер шарын айыкпас дарт ээлеп алышы мүмкүн
Поделиться в:
Көп өтпөй биздин Жер шарды айыкпас дарт ээлеп алашы мүмкүн деген пикирди – окумуштуулар билдирип чыгышты.
Ал өсүмдүктөрдү, жаныбарларды жана адамдарды жоюп жиберет. Илдетти дарылоого мүмкүн эмес грибоктор тудурушу мүмкүн. Бул жөнүндө Лондондун Импер колледжи менен Эксетер университетиндеги окумуштуулар маалымдашат, алардын изилдөөсү “Science” илимий журналына жарыяланды, деп кабарлайт “РИА Новости”.
Дарыгерлердин изилдөөсү боюнча, грибок "супербактерияларга" айланып, антибиотиктерге каршы турат жана медицина менен айыл чарбачылыгында өтө көп колдонулчу, грибокко каршы препараттарды кабыл албайт. Ага стоматит, таман эпидермофитиясы, дерматофития менен онихомикозду дарылоо үчүн дары-дарымектерди ар дайым ичүү керек болот. Окумуштулардын маалыматы боюнча, бул коркунучка жетиштүү көңул бөлүнбөй жатат, ошентсе да, ал көп өтпөй билине баштайт.
Алардын айтуусу боюнча, дары-дарымектер грибоктордун алсыз жактарын гана жоё алат, ал эми күчтүүлөрү тирилип, өнүгүп, грибокко каршы препараттарга көнбөйт. Ушуга байланыштуу адистер коркунучка карыш тура алган дары жасоого чакырып жатат.
Окумуштуулардын сөзү боюнча, мындай инфекциялар сүт безинин зыяндуу шишиги менен безгектен каза болгондордон да көп өмүрдү алышы мүмкүн. Ошону менен катар, изилдөдө авторлор грибоктун кесепетинен болгон дартардын курмандары туберкулез менен СПИДтен көз жумгандар саны менен бирдей экенин айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/content14637
Добавить комментарий ×