Бишкектин мэри Албек Ибраимов кимге сүйүүсүн билдирди?

19 мая 2018 13:51 1814 Barometr
Поделиться в:
ok

17-майда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Биринчи май районунун тургундары менен жолугушуп жатып жергиликтүү тургунду тамашалаган. Бул тууралуу chagylgan.kg булагы кабарлады.

Райондун тургуну мэрге Эркиндик гүлбагына төшөлгөн бурсчаткалар тайгалак болуп жатканын айткан.

 Буга мэр тамаша аралаш: “Эч качан жакшы нерселерди көрбөгөн адамдар бар. Ошондой эле кичинекей иштин жакшы тарабын көргөндөр бар. Жакында мэриянын алдындагы митингде сүйлөгөнүңүзду дагы көрдүм.Сиз мага абдан жагасыз, эгер мени жакшы көрсөңүз анда айтыңыз. Мен жөн гана сизге сүйүүмдү билдирдим”, - деп жооп узаткан.

Ссылка: https://barometr.kg/content14636



Добавить комментарий