Кубада 107 адамдын өмүрүн алган учак кырсыгы болду

19 мая 2018 13:50 611 Barometr
Поделиться в:
ok
Кубада жума күнү бортунда жүздөн ашык адамы бар “Boeing-737” учак кырсыкка кабылды. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат булагы билдирет. 
“Cubana de Aviacion” аба компаниясынын учагы Гаванадан Ольгинге багыт алган. Учак Гавана аэропортунан учуп чыкканына бир нече мүнөт өткөндө кулаган. 
“Infobae” порталынын маалыматы боюнча, учактын бортунда 104 адам болгон. “Cibercuba” басылмасы кубалык “Radio Rebelde” радиосунун журналисти Габдиэль Сильвага шилтеме берип, бортто экипаждан башка 107 адамдын болгонун жана бардыгы каза болгонун жазып чыкты.
Учак кулаган жерге Кубанын Мамлекеттик кеңеши менен Министрлер кеңешинин  башчысы Мигель Диас-Канель барган. Социалдык тармакта күбөлөр кырсыктын видеосу менен сүрөттөрүн жарыялап жатышат. 

Ссылка: https://barometr.kg/content14635



Добавить комментарий