Депутат мектеп окуучусун жаакка чапты (видео)
Поделиться в:
Москванын жанындагы Пушкин районунун депутаты Андрей Одинцов өспүрүм баланы жаакка чапкандыгы үчүн учурда аябай таанымал болууда. Бул тууралуу Ura.ru агенттиги кабарлады.
Андрей Одинцов Ельдигино айылындагы мектеп стадионунун курулушуна көзөмөл кылып жүргөн. Ошол маалда дене тарбия сабагынан бошогон бир нече окуучу келишкен. Депутат алар ызы-чуу кылып жатат деп, балдарга эскертүү берген.
Алардын бири эч кимге тоскоолдук жаратпай турушканын айтканда депутат баланы жаакка чапкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content14631
Добавить комментарий ×