Ар дайым уйкусу канбаган адам унутчаак боло баштайбы?
Түнү менен уктабай, кеч жатканына карабастан, эртең менен эрте туруп окууга же жумушка баруу адамдын ден-соолугуна зыян экен. Дарыгерлер уйкусу канбай жүрө берген адамдар кандай ооруга чалдыгышы мүмкүн экенин аныкташты. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Уйкусу канбай эс албаган адамдын жумушка деген көнүлү тартпай, көрүү жөндөмү начарлайт. Ушуга кошо табити ачылып, ашыкча салмак кошуушу да мүмкүн.
Ал эми адам эс алып жаткан кезде организм турдүү оору белгилери менен өзү күрөшө алат.
Аз убакыттык уйкуда организм калыпка келгенге жетише албай калат. Ошондуктан, ар бир чарчаган күн сайын түрдүү ооруларды козгоп, аягы олуттуу нерсеге алып келип согот дешет дарыгерлер.
Ссылка: https://barometr.kg/content14622
Добавить комментарий ×