Эт жебеген адамдын мээси кичирейип калаары чынбы?
Поделиться в:
Оксфорд университетинин окумуштуулары кызыктуу изилдөө жүргүзүшүп, вегетарианецтердин баш мээсинин көлөмү кичирейгенин байкашкан. Бул тууралуу “Новости Ю” сайты маалымдайт.
Азыркы күндө эт азыктарын жегенден баш тарткан адамдардын саны көбөйүп келет. Алар эт жегенди токтоткондон бери өздөрүн жакшы сезип калгандарын айтышат. Бирок окумуштуулар эттен баш тартуу- адамдын мээсине өтө кооптуу деп жатышат.
Оксфорддун изилдөөчүлөрү 18-87 жаш курагындагы эт жебеген адамдарды тажрыйбада сынап бир жыл бою текшерүү жүргүзүп отурушкан.
Тура 12 ай өткөндөн кийин вегетарианнецтердин мээсин кайра текшерип көрүшүп, анын көлөмү менен активдүүлүгү төмөндөп кеткенин аныкташкан.
Эмнеге десеңиз себеби аларга жалаң гана эт менен балыкта кездешкен В12 витамини жетишпейт.
Аталган витамин адам организмине зат алмашуу процесин жакшыртып, липиддер менен көмүр суулардын даражасын калыбына келтирет.
Ссылка: https://barometr.kg/content14621
Добавить комментарий ×