12 адамды өлтүргөн кылмышкердин үйү сарайга айланды

19 мая 2018 10:15 935 Barometr
Поделиться в:
ok
 Улуу Британияда 12 адамды өлтүрүп, сөктөрүн жер төлөөгө сактап келген үй сатылды. Анын жаңы ээлери үйдө мурун кандай шумдук болгонун билсе да, ага эч кандай маани бербестен, жылуу уяга айлантып алышкан. Бул тууралуу “Life.ru” сайты маалымдайт.
Улуу Британиядагы аты аңызга айланган кылмышкер 72 жашына чейин үйүндө өлгөн адамдардын сөгүн сактап, алар менен жыныстык катнашка түшүп келген. Бирок ал окуядан эч коркпогон жубайлар жаңы үйлөрүндө чоң жана бактылуу үй-бүлө курууну кыялданышат.
Үйдүн мурунку ээси маркумдардын денесин өрттөп, сөктөрүн көмгөн бакчада Бруно менен Матильда азыр жемиш өстүрүп жатышат.
Үйдү дал ушул коркунучтуу окуядан кийин арзан баада алышканын айтып кубанышат.
Бул жубайлар үйдү 2016-жылы 493 еврого сатып алып, бир жыл ичинде толугу менен оңдоо иштерин жургүзүшкөн. Мисалы, мурун адамдар курмандыкка чалынган ашкан бөлмөсү азыр медициналык изилдөө менен алектенген Матильданын иш ордуна айланган.

Ссылка: https://barometr.kg/content14618



Добавить комментарий