«РСК Банктан» «Жеңил саякатта» акциясы
Көңүл буруңуздар! «РСК Банкы» «Юнистрим» эл аралык системасы менен, «Жеңил саякатта» акциялары аттуу биргелешкен долбоор тууралуу эсиңиздерге салат: «Юнистрим» акча которуу системасы боюнча акча которууну жөнөтүүчүлөр менен алуучуларга ири белектер тартууланат. Башкы байге: Түркия, Дубай жана Таиландга алты жолдомо.
Акция 3 этаптан турат жана 2018-жылдын 31-декабрына дейре уланат.
Ар бир этаптын жыйынтыгы боюнча, которууну максималдуу түрдө жөнөтүп турган эки жеңүүчү аныкталат (6 000 RUB / 100 USD / 100 EUR көлөмүндө лимитти ашып чыккан, жана акча которууну максималдуу түрдө алып турган, 4 000 RUB / 50 USD / 50 EUR көлөмүндө лимитти ашкан). Аларга Түркия, Дубай жана Таиландга барууга жолдомо берилет!
Акциянын этаптары:
• 1-этап - 9-апрелден 30-июнга чейин;
• 2-этап – 1-июлдан 30-сентябрга чейин;
• 3-этап – 1-октябрдан 31-декабрга чейин.
Акция башталган жана анын алгачкы жеңүүчүсү мына ушул жылдын 30-июнунда аныкталат. Ага катышуу абдан жөнөкөй: ал үчүн «Юнистрим» системасы боюнча акча которууларды болушунча көбүрөөк жөнөтүп жана алып туруңуздар.
Акциянын шарттары менен ушул жерден тааныша аласыздар.
«РСК Банкы» ачык акционердик коомунун кардарларды тейлөө кызматы: 0312 911 111
Маалымат үчүн
2017-жылдын 1-мартынан 31-декабрына дейре «Которууларды жаса, Балиде эс ал» акциясынын алкагында, «РСК Банк» жана «Юнистрим» өзүнүн кардарларына баалуу белектерин тапшырган, айтсак: iPhone маркасындагы уюлдук телефондор, ошондой эле баш байге – Бали аралындагы мыкты курорттордун бирине эки кишилик эс алуу жолдомосу берилген! Бизге акциянын катышуучулары менен мындай баалуу белектердин ээлери көптөгөн жагымдуу пикирлерин билдиришти.
Ссылка: https://barometr.kg/content14613
Добавить комментарий ×