Байлык алып келет деп 5 жаштагы кыздын башынан амулет жасашкан
Поделиться в:
Куралчан адамдар келип альбинос кызды энесинен тартып алышкан.
Окуя Мали өлкөсүндөгү Фана айылында болгон. Айыл борбордон 125 чакырым алыстыкта орун алган. Энеси эки кызы менен үйүндө уктап жатканда, куралчан бир топ адам келип, кызын алып качып кетишкен. Энеси артынан куганы менен, жете албай калган. Кийин экинчи баласын коргомок болгон.
“Биз бардык жерди издеп, мечиттин жанынан таптык. Ал башы жок жаткан экен», – дейт айылдын тургуну Умар Диаките.
Окуядан кийин баланы коргой албаган, полиция бөлүмчөсүн өрттөп жиберген.
Түштүк Африкада альбинизм менен ооругандар ассоцияциясы федерациясынын башкы катчысы Мамаду Сиссоко – мунун диний ишеним менен болгон курман чалуу экенин айтты. Тургундар альбинос балдардын денесинен жасалган амулеттер дартка даба болуп, байлык менен ийгилик алып келет деп ишенишет.
Мамаду Сиссоконун айтуусу боюнча, окуя өлкөдөгү боло турчу шайлоого да байланыштуу.
Альбинизм бул тубаса дарт. Денеде меланиндин жетишпестигинен адам аппак болуп төрөлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content14610
Добавить комментарий ×