Кыргызстандык жигит өспүрүм кызды өлкөдөн алып чыгууга аракеттенген
Поделиться в:
«Чалдыбар-автожолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары кечээ, 17-майда, 1999-жылы туулган, М.А.уулу аттуу кыргызстандыкты кармады. Жаран, жашы жете элек баланы бөлөк бирөөнүн документи аркылуу чек арадан өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмдөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, паспорттуу текшерүү учурунда 2004-жылы туулган М.К. башка бирөөгө таандык туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөткөн. Бирок кыздан суралганда күбөлүктө белгиленген маалыматтар дал келбегени аныкталган.
Кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/content14609
Добавить комментарий ×