Назира Айтбекова: Энем азыр көзү тирүү болгондо далай тилдейт эле

18 мая 2018 16:37 2154 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү теле алып баруучу Назира Айтбекова соцтармактагы баракчасына апасын эскерген постту жарыялады.

"Мына, мен өлүп калдым",- деп энем тилин сунуп жатып калат. Өңгүрөп, өлбө эле өлбө деп ботодой боздойм. Көз жашым он талаа! Энем баладай кудуңдап, " тириле " калат да, бетимен сүйүп, " мына, мен тирилдим" , - дейт. Кийин мындай фокусун жасаганда ишенбей калдым, бирок энемдин көңүлү калбасын деп мен дагы өзүмдү кыйнап бир куплет ыйлап койчу болдум. Артисттик өнөр ойлосом, ошондо эле пайда болуптур да!))) Өтө таарынчаак жан эле. Экөөбүз чүкөлөрдү жыйнап алып, "хан таламай" ойногондо мен утуп кетсем, чычалап жатып калчу. Экөөбүз ызылдашып, чырдашып, бирде ыйлап, бирде энем чырылдап кымгуут болуп жатчубуз. Ал дааратканада отурса деле этегин кармап отурчумун. Энем пенсияга кетти дегенде үйдө чоң жаңжал чыкчу! Эртең менен үрпөйүп ойгонсом эле энем жок жанымда. Тыззылдап чуркап издеп, таппай калганда бир жерим бөксөрүп, абамды бууп койгондой бакырып ыйлайм. Энем келгиче ал жаак басылбайт. Эшиктен кирип келип эле, - Ким сокту? - дейт. Дароо эле сөөмөйүм менен экөөнү көрсөтөм. Актанганына карабай, тилдечү энем. Тиги экөө көп деле жакчу эмес бизге. Алар шеринеге кетти деген күнү энем экөөбүзгө чоң майрам. Мештин үстүнө калама жасап жеп, курма чай кууруп ичебиз. Жүн тытабыз. Кыргыз радиосунун үнүн чоңойтуп алып, спектакль угабыз. Жайында бетибизге жоолук жаап алып, чымындан коргонуп, кучакташып уктайбыз. Айтор, жашоо биздики. Энем дайым, - Кыз киши зымга таркандай, зымырайып жүрүшү керек,- дейт. Бармагынын чуңкурчасын көрсөтүп,- Кыз бала ушу чуңкурчакка баткыдай эле тамак жеш керек,- ж.б ушул сындуу таалимдерди көп берчү. Кайран энем азыр көзү тирүү болгондо далай тилдейт эле мени. Энеңдин көзү өттү дегенде жер астын - үстүн болду. Энем кантип эле мени таштап кетсин? Ал менсиз жүрө албайт да дедим. Өңгүрөп адатымча көз жашымды он талаа кылып төктүм. Балача кудуңдап, - Мен өлгөндө жакшы ыйлайт экенсиң,- деп тура калган жок. Андан кийин көпкө түшүмө кирип жүрдү. Баягыдай тизесине отуруп алып, энем кетип калганы үчүн таарынып, урушам. Анан жазылып, мектептеги алган бааларды айтып мактанам. Адам баласы эң көп адамдын жытына байланат экен. Жыттагылайм. Өпкүлөйм. Экөөбүз тең сагынычыбызды таратабыз. Күндө келет кете албай. Кийин үйдөгүлөр ырымын жасап, бир нерсе кылышты. Андан кийин кирбей калды. Ошол сагыныч, куса жадымымда жатталуу калыптыр. Бир жакка кеткенимде балам да ошентип куса болуп атса керек деп жаным чыгат. Балама жеткиче шашам. Эне менен бала дайыма бир болушу керек. Алар ажырагыс бир бүтүндүк.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14606



Добавить комментарий