Акча табам деп Бишкекке келип дайынсыз жоголгон киши изделүүдө

18 мая 2018 16:22 773 Barometr
Поделиться в:
ok

Милиция Бишкеке жумуш издеп чыгып, кайра кайтпай калган жаранды издеп жатат. Анын үйүнөн кеткенине бир жылдан ашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБсинин маалымат кызматы билдирди.

Октябрь РИИБси (райондук ички иштер башкармалыгы) дайынсыз жоголгон, 1978-жылы туулган Эшимбаев Нурбек Турумбековичти издейт. Былтыркы жылы март айында бул жаран Ысык-Көл областынан Бишкеке иштөө үчүн келип, азыркыга чейин дайынсыз.

Белгилери: 40 жашта, бою 170 см, арыкчырай, чачы кара, көздөрү кара.

Эшимбаев Нурбекти көрүп-билгендер болсо Октябрь РИИБсине төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарласа болот: (0312) 54 41 84, 0556 102 828 же "102" кызматына.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14604



Добавить комментарий