Робот ооруканада жаткан кыздын ордуна мектепти бүтүрдү (видео)
Поделиться в:
Алабамадагы жергиликтүү мектепте ооруканга түшкөн окучунун ордуна мектепти робот бүтүрдү. Ал ооруп жаткан окуучу кыз атестат алуу салтанатын ооруканада көрүп жатты. Бул тууралуу “UberGizmo” маалымдайт.
Синтия Пэттвей өзүнүн бүтүрүү кечесин өткөрүп албаш үчүн дарыгерлер “iPad”га кошулган алыстан башкаруу пултундагы роботту колдонушкан. Кыз салтанаттуу иш-чарага бир жума калганда ооруканага жаткан. Бирок ал жашоосунун маанилүү күнүн өткөрүп алгысы келген эмес. Жыйынтыгында, Синтия аватардын жардамы менен атестат алды. Ал роботту алыстан карап, керек болсо алкыш айтып, сөз сүйлөгөн.
Ушундай роботтор жакында гана колдонула баштады. Адатта алар мүмкүнчүлүгү чектелген же болбосо ооруканадан физикалык түрдө чыга албаган оор бейтаптарга колдонулат.
Мисалы жакында ушундай роботтун жардамы менен “Эвертон” футбол клубы майып баланы матчка чакыра алды.
Ссылка: https://barometr.kg/content14601
Добавить комментарий ×