Журналисттерге кол көтөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду (видео)

18 мая 2018 15:20 762 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги "Бета-Сторес 2" соода борборунун кызматкерлери тарабынан "Апрель" телеканалынын операторуна кол көтөрүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167 ("Тоноо"), 234 ("Бейбаштык") беренелери менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга аталган телеканалдын оператору "Бета Сторес -2" соода борборунун кызматкерлери видеокамера жана флеш-картасын алып койгонун айтып, арыз жазган. Анын негизинде соода борбордун үч кызматкери убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Алардын бири түрк жараны. Иликтөө уланып жатат.

16-майда "Апрель" каналы журналисттер мөөнөтү өтүп кеткен азыкты сатып алып, камерага тартып жатканда, гипермаркеттин күзөт кызматкерлери менен өздөрүн "соода борбордун ээлери" деп атаган түрк жарандары келип, кабарчы менен операторлорду жерге жыгып, камераларын күч менен тартып алганын кабарлаган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14595



Добавить комментарий