Жаш жигит пенсионерди уруп кулатып, тепкилеп таштады

18 мая 2018 15:08 895 Barometr
Поделиться в:
ok
Москванын 25 жаштагы туругуну 65 жаштагы пенсионерге кол көтөрдү деген шек менен кармалды. Бул тууралуу « life.ru»  сайты кабарлайт.
Жигит шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда улгайган бейтаныш аялды уруп-соккон. Ал пенсионерди уруп жыгытып, колундагы темир украл менен бир нече ирет койгулап, тепкилеген.
Ур-токмокко алынган карыя ооруканага жеткирилген. Азыр абалы оор. Жигиттин эмне себептен мындай кылмыш жасаганы аныкталууда. Ал буга чейин урулук үчун соттолгон. 
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14583



Добавить комментарий