Депутат Сапар Исаковго: кытайлыктардын “крышасы” болгонсуз

17 мая 2018 16:05 1646 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 17-майда парламенттин жыйынында ТЭЦте болгон авариянын себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгын талкуулоо маалында “Өнүгүү-прогресс” фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу Сапар Исаковду кытайдыктардын “крышасы” деп атады.   

“Сиз кечээ жана бүгүн эки фразаны атадыңыз, биринчиси Кытайдн соода өкүлдөрү менен долбоорду жылдыруу үчүн жолугушканыңызды айткансыз, ал эми кечээ президентке маалымат берүү үчүн жазганыңызды айттыңыз. Сапар Жумакадырович сиз бул Кытай компанияларынын расмий эмес  “крышасы” болуп келдиңиз. Сиз эмне үчүн цехте авария болгондо ТВЕА компаниясын сотко берген жоксуз”,-деп нааразы болду депутат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14570



Добавить комментарий