Концерт учурунда музыканттардын үстүнө темир конструкция кулап түштү
Поделиться в:
Кытайда концерт учурунда музыканттардын үстүнө зилдей болгон конструкция кулап түштү. Бул тууралуу Кытайдын жергиликтүү ММКры маалымдайт.
Сюйчан шаарынын көркөм музейинде майрамга арналган концертте оркестр музыканттарынын үстүнө оор металл конструкция кулап кетти. Металдан жасалган конструкцияга жарык жабдыктары бекитилген экен. Темирдин астында жанчылып калгандарга көрөрмандар менен кесиптештери жардага келишти.
Жергиликтүү ММКнын маалыматы боюнча, бир адам каза болуп, беш адам оор жаракат алышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content14557
Добавить комментарий ×