Бишкектеги батирден улгайган аялдын сөөгү табылды

17 мая 2018 12:28 789 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги батирлердин биринен 79 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-май күнү саат 17:04 чамасында ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Панфилов көчөсүндөгү 18-батирдин бекилип калган эшигин ачып киришкен. Батирдин ичинен 1939-жылы туулган П.Е. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Маркум милиция кызматкерлерине тапшырылып берилди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14556



Добавить комментарий