Белгилүү футболчу жол кырсыгынан каза болду

17 мая 2018 13:18 1986 Barometr
Поделиться в:
ok
Жол кырсыгы эртең мененки убакытта болгон.  Бул тууралуу “лайф.ру” сайты билдирет.
«Астон Вилла», «Болтон» жана «Кардифф Сити» сыяктуу клубтардын атынан ойногон англиянын  премьер-лигасынын мурунку оюнчусу Джей Ллойд Сэмюэл Чешир графтыгында болгон жол кырсыгында көз жумду. 
Тринидад менен Тобагода балалык чагы өткөн 37 жаштагы футболчу балдарын мектепке алып баратып, үйгө кайтып келе жатып жолдо кырсыкка кабылган. Анын “ Range Rover” унаасы  фургон менен сүзүшүп калган. Спортчу окуя болгон жерден каза болду.
15-май күнү «Астон Вилла» футболчулары колдоруна кара чүпүрөк байлап ойношту.

Ссылка: https://barometr.kg/content14554



Добавить комментарий