Россияда “Ала-Тоо-1” деп аталган кыргыздардын алгачкы айылы курулат
Поделиться в:
Москва шаарынан 120 чакырым аралыкта “Ала-Тоо 1” деп аталган кыргыздардын алгачкы айылы курулат. Бул тууралуу "24.kg" булагы кабарлады.
Тульская областынын Пахомово кыштагынын аймагынан 5 гектар жерди кыргызстандыктар өздөрү сатып алышканын "Ала-Тоо-1" компаниясынын жетекчисинин орун басары Гульмира Казыбекова маалымдаган.
“Ала-Тоо-1 конушунда баардык 600 участок сатылып кетти, 40тай адам көчүп келип жайгашты. Жарык бар, бирок айылындан теңи курулуп бүткөн соң газ киргизебиз. Бул жерге жакын завод, фабрикалар жайгашкан. Мекендештер келип жумушка орношсо болот. Участокту Кыргызстандын паспорту менен сатып ала алышат”,-деп айтты Казыбекова.
Ссылка: https://barometr.kg/content14546
Добавить комментарий ×