19 жаштагы жигитти бычактаган адамдын сүрөтү кызуу талкууланды (фото)
Поделиться в:
Фейсбук социалдык желесинде Базар-Коргон районунда 7-майда каза тапкан жигитти бычактаган адамдын сүрөтү кызуу талкууга алынды. Колдонуучу Аймира Калыкова жарыялаган сүрөткө 500гө жакын адам комментарий калтырган.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда 7-майда болжол менен саат 10:30да белгисиз адам жаш жигитти бычактап өлтүргөн. Эки эркек ошол күнү автобекетте маршрутка күтүп турган. 24 жаштагы жигит мас болуп алып келип 19 жаштагы жигит менен талашып-тартыша кеткен. Экөө айтыша кетип мас болгон киши жаш жигитти бычак менен сайып салган. Ал окуя болгон жерде көз жумган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/content14513
Добавить комментарий ×